• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кызымды кара «Фитке» салып кетти. ИИМдин жообу

15 Чын куран 2019 14:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.04.2019.Govori.TV.

Айрым WhatsApp байланыш аркылуу тарап жаткан, «кызымды кара «Фитке» салып кетти» деп бир эркек адамдын жардам сурап кайрылып жаткандыгы тууралуу факт, Жалал-Абад облусунда катталып, кыз жарым сааттын аралыгында эле табылган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирет.

«Андыктан, Ош шаарында дүрбѳлѳн түшүп, кыжалат болууга негиз жок»,- деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык
бүгүнкү күндѳ Ош шаарынын аймагында дайынсыз жоголуп, табылбай жаткан жашы жетелек ѳспүрүм жок.

«Ар кандай ушактарга же, эски кайрылууларга ишенип, ал маалыматтарды таратуудан мурда расмий мекемелерден, анын ичинен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалыматты тактап алууңуздарды суранабыз. Биздин телефондор 03222-4-82-82 же, 102.»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 5