Кызына күйөө издеген депутат Абдыкеримовдун канча байлыгы бар? (Декларация)
Кызына күйөө издеген депутат Абдыкеримовдун канча байлыгы бар? (Декларация)
6 Бештин айы 2021 17:48 Бишкек Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримов 2020-жылы 8 миллион 514 миң 141 сом киреше тапкан. Бул туурасында анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлөт.
Депутатка тиешелүү 2 батир, 1 турак жай, жер тилке жана 2 үй жазылган. Ошондой эле 3 унаа көрсөтүлгөн. Мындан тышкары бир нече компанияларда пайыздык үлүшү бар экени айтылат.
Абдыкеримовдун декларациядагы мүлктөрү:
Батир-288,8 чарчы метр;
Шаар четиндеги үй-12,96 чарчы метр;
Турак жай-1142 чарчы метр;
Жер тилке- 471,6 га;
Батир-100 чарчы метр.
Авто унаалары:
Рендж Ровер;
Мерседес Бенц;
Мерседес Бенц.
Компаниялардагы үлүшү:
ОсОО «АЮ» — 30%;
ОсОО «Дженерал Менеджмент» — 69,53%;
КФХ «Ак Сарай» — 100%;
ОсОО «АЮ Констракшн» — 35%;
ЗАО «Бермет» — 47,72%;
ЗАО МФК «АЮ Финанс» -100%.
Ал эми жакын туугандары өткөн жылы 22 миллион 174 миң 283 сом пайда тапкан. Алар 5 турак жай, 9 батир, 2 жер тилке жана 1 административдик имарат, 2 авто унаага ээлик кылат.