• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Латвия «Дождь» телеканалынын лицензиясын жокко чыгарды

6 Бештин айы 2022 17:26 Бишкек Govori.TV

Латвияда Электрондук ЖМК боюнча улуттук кеңеш “Дождь” телеканалынын лицензиясын алып койду. Чечим улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууга байланыштуу кабыл алынганы айтылды. Бул тууралуу кеңештин төрагасы Иварс Аболиньш билдирди.

«Баары Латвиянын мыйзамдарын сыйлашы керек. Мыйзам бузуулардын жыйындысына караганда, “Дождь” телеканалынын жетекчилиги алардын канчалык маанилүү жана олуттуу экенин түшүнбөйт. Ошондуктан Латвия аймагында иш алып бара албайт», — деди ал.

Өткөн аптада кеңеш «Дождь» аннексияланган Крым Орусиянын курамында көрсөтүлгөн картаны колдонгону жана орус армиясына карата “биздин” деген сөздү пайдаланганы үчүн телеканалга он миң еврого айып пул салган. Анда Аболиньш муну менен телеканал акыркы бир нече айда экинчи жолу мыйзам бузганын белгилеген. Ал үч олуттуу мыйзам бузуу болсо, «Дождь» лицензиядан ажыратыларын эскерткен.

1-декабрда алып баруучу Алексей Коростелёвдин түз эфирдеги сөзүнөн кийин Латвиянын мамлекеттик коопсуздук кызматы «телеканал орус армиясына жардам көрсөтүп жатат» деген шек менен иликтөө баштаган.

Коростелёв эфир маалында көрөрмандардан Украинадагы согушка мобилизация кылуу учурундагы мыйзам бузуулар жөнүндө кабарлоону суранып, фронттогу аскерлерге жардам берүү өңүтүндө сүйлөгөн.

Эртеси күнү телеканал бул үчүн кечирип сурап, алып баруучунун сөздөрү эфирден алып салынганын, Коростелёв менен кызматташуу токтотулганын билдирген. Журналист өзү түз эфирде жаңылганын «каналга көйгөй жаратпоо үчун иштен кетүүгө даяр» экенин айткан. Коростелёвду колдогон үч кесиптеши ар ким ката кетириши мүмкүндүгүн белгилеп, иштен кетишти.

Количество просмотров: 80