Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада шайлоо өткөрүп, маанилүү макулдашууларды түзүү үчүн убактылуу эл аралык башкаруу орнотуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Анын айтымында, мындай башкаруунун узак мөөнөттөгү максаты согушту токтотуу.
Бул тууралуу Путин 28-мартта Мурманск шаарындагы Түндүк флотундагы деңиз аскерлери менен жолугушуп жаткан учурда айтканын орусиялык маалымат агенттиктери жазышты.
«Бул жөн гана бир вариант. Мен башка жолдор жок деп айткан жокмун. Максатыбыз—демократиялык шайлоо өткөрүп, элдин ишенимине ээ болгон жөндөмдүү өкмөттү бийликке алып келүү жана андан кийин алар менен тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо,» — деди Путин.
Орусиянын президенти белгилегендей, бул демилге Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Кошмо Штаттар, Европа мамлекеттери жана Орусиянын өнөктөштөрү катышкан шартта ишке ашышы мүмкүн.
Булак: Азаттык.