• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орусия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнө Трамп да барышы мүмкүн

13 Бугу 202511:05 Бишкек Govori.TV

АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн сапары пайда алып келсе, Орусия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнө катышуусу мүмкүн экенин билдирди.

Трамп экинчи мөөнөтүндөгү алгачкы тышкы сапарына чыгып, Сауд Арабиясы, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарына барды.

Трамп 15-майда Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнө катышуу үчүн Стамбулга барууну ойлонуп жатат.

“Мен ошол убакта кайсы жерде болушумду билбейм, болжол менен Жакынкы Чыгышта болсом керек. Менин катышуум пайда берет деп ойлосом, ал жакка учуп барам”, — деди Дональд Трамп.

Количество просмотров: 320