• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Өлбөс полк» учурунда Президентти сүрөткө, видеого тартууга тыюу салынды

8 Бугу 2019 12:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.

Бишкекте өтө турган «Өлбөс полк» акциясына президент Сооронбай Жээнбеков катышып жаткан кезде сүрөткө, видеого тартууга болбойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, асманга дронду көтөрүүгө да болбойт.

«Президент Сооронбай Жээнбеков «Өлбөс полк» акциясынан кеткенден кийин гана сүрөт, видеого тартууга жол берилет. Бирок дронго тыюу салынды, эгер асманга көтөрүлө турган болсо, атып түшүрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Баардык ЖМКларга президенттин видео, сүрөт материалдары жиберилери кошумчаланды.


Количество просмотров: 3