• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Легитимдүү түрдө абактан чыккан жалгыз Зилалиев болду

6 Тогуздун айы 2020 19:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата сот баш коргоо чарасын өзгөрттүп, үй камагына чыгарды. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, Зилалиев легитимдүү түрдө соттун чечими менен абактан бошотулган.

Эске салсак, 5-олктябрдагы соттун чечимине ылайык, Зилалиев күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган.

Белгилей кетсек, бүгүн митингчилер тарабынан Алмаз Атамбаев, Садыр Жапаров, Сапар Исаков, Равшан Жээнбеков сыяктуу бир катар камактагы саясатчыларды абактан чыгашып алышкан.

Количество просмотров: 1638