• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Лейлек районунда Тажикстандын чек арачылары ээн-эркин басып жүрөт деген видеоого чек ара кызматы комментарий берди

13 Чын куран 202022:39 Бишкек Govori.TV

12-апрелде социалдык тармактарда Лейлек районунун Раззаков айылында Тажикстандын чек арачылары жүргөнү тууралуу Гулжигит Исаков деген жаран видео жайгаштырган. Анда аскердик кийимчен алты киши көчө бойлой басып баратканын көрүүгө болот.

https://www.facebook.com/guljigit.isakov/videos/10158423124902122/

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 12-апрелде саат 15:10до кыргыз-тажик чек арачылары коронавируска каршы күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрмөк. Бирок ал 14-апрелге жылдырылып Тажикстандын чек арачылары кайра кайтышкан. Видео ошол учурда тартылган.

Мамлекеттик чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагы менен кетүүгө уруксат алышканын, алардын куралы жок болгонун билдирди. Ушу тапта эки өлкө ортосундагы чек арада абал туруктуу.

Количество просмотров: 859