• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Лейлекте айылдык кеңештин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кармалды

14 Бирдин айы 2020 15:59 Бишкек Govori.TV

Лейлек районунун Катраң айылдын кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Сапарали Бөрүбаев кечээ, 13-февралда кармалган. Анда Катраң айылдык кеңешинин депутаты Нурдин Дүйшебаев милицияга арыз жазып, Сапарали Бөрүбаев аны сабагандыгын билдирген.

Ал эми Бөрүбаев өзү кол көтөргөнүн четке кагып, алтын кенге байланыштуу айтыша кеткенин айткан.

Аталган факты бирдиктүү реестрге катталган.

Количество просмотров: 725