• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Лейлекте чек ара аркылуу аткезчилик жүк алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

4 Үчтүн айы 2021 11:56 Бишкек Govori.TV

3-январда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик жүк алып өтүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, чек арачылар кызмат өтөө учурунда Худжант-Канибадам автотрассасына жакын жерден Кыргызстандын аймагында тажик номериндеги Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын аныкташкан.

Айдоочу жана жүргүнчү чек ара кезметинин унаадан чык деген талабынан баш тартып, каршылык көрсөтүп Тажикстандын аймагына качып кирүү аракетин көрүшкөн. Кыргызстандын чек арачылары аларды токтотуп кармашкан.

Алардын өздүгүн тактоо учурунда 1986-жылы туулган Ш.Д., жана 1990-жылы туулган Ч.Ш., аттуу Тажикстандын жарандары экендиги аныкталган.

Чек арачылар тарабынан унааны текшерүү учурунда эч кандай уруксат кагаздары жок 4 тонна мандаринди аныкташкан. Контрабандалык жүктүн болжолдуу баасы 300 000 сомдун тегерегин түзгөн.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган жарандар жана контрабандалык жүк мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү орган өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 149