• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Лейлекте эки өспүрүмдү Тажикстандын күч кызматкерлери кармап кеткени айтылды

24 Аяк оона 2021 12:41 Бишкек Govori.TV

Лейлек районунун Жаштык айылынан эки өспүрүмдү Тажикстандын күч кызматкерлери 23-сентябрда кармап кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» балдардын биринин атасы — Азам Гапаров билдирген.

Гапаровдун айтымында, алар такталбаган чек ара аймагында автоунаага жүк артып жаткан учурда кармалган. Учурда облус жетекчилигинин деңгээлинде жолугушуу болору күтүлүүдө.

Ал эми Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдирди.

22-сентябрда да Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу, тажик тараптан бир бала менен бир чоң киши жабыр тарткан.

Количество просмотров: 189