• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Лейлекте Икрамжан Илмияновдун тарапташтары нааразычылыкка чыгышкан

20 Жетинин айы 2018 14:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.11.2018.Govori.TV

16-ноябрда Лейлек районунун Катраң айылында камакта жаткан Икрамжан Илмияновдун тарапташтары анын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүнү суранып, жыйын уюштурушту. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, алар И.Илмияновду үй камагына чыгарып, анын ишин акыйкат тергөөнү суранып жатышат. Чогулгандарга Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов жолугуп, алардын буга чейинки кайрылуу каты жогору бийликтеги адамдарга жөнөтүлгөндүгүн билдирди.

Абалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөштү.

УКМК 19-октябрда ага издөө жарыяланганын кабарлаган. Андан кийин Москвадан кармалып, 20-октябрда Бишкекке алынып келинген. Сот аны 28-ноябрга чейин УКМКнын абагында калтыруу чечимин чыгарган.

И.Илмияновдун жактоочусу Сергей Слесарёв ага КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 166-берене (алдамчылык) боюнча айып тагылгандыгын билдирген.

Количество просмотров: 49