• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Лейлекте милиция үйлөрүнө кайтып жаткандардын коопсуздугун камсыздайт

26 Аяк оона 2022 17:04 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана орун басары Октябрь Урмамбетов Лейлек районундагы коомдук тартиптин камсыздалышын көзөмөлдөө менен ички иштер органдарынын жана Ички аскерлердин аскер кызматкерлеринин ишин координациялап жатышат.

Ведомстводон билдиргендей, жетекчилик милиция кызматкерлеринин жана аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушун, ыкчам жана күжүрмөн кызматтык ишмердүүлүктөрүн текшеришти.

Өздүк курам менен жолугушуу учурунда ИИМдин жетекчилиги тарабынан милиция күчтөрүнүн коомдук тартипти сактоодогу орду, аларга кошумча тапшырмалар берилип жаткандыгы баса белгиленди.

Милиция кызматкерлеринин алдына эл арасында укук бузууларга, чагымчыл аракеттерге жол бербөө, туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, үйлөрүнө көчүп жаткан жарандардын коопсуздугун камсыздоо тууралуу бир катар тапшырмалар берилди.

Количество просмотров: 86