• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Лейлекте спорттук комплекс курууга тендер жарыяланды

12 Бугу 202318:06 Бишкек Govori.TV

Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы спорт комплексин курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, аталган объект Лейлек районунун Мурас айылына салынмакчы.

Пландалып жаткан сумма 28 млн 329 миң 646 сом, катышуу үчүн сынактык билдирүү берүүнүн мөөнөтү 26-майга чейин.

Количество просмотров: 71