• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Лейлекте тосулган жол ачылды

6 Баш оона 2021 14:56 Бишкек Govori.TV

Ош-Баткен-Исфана жолун тосуп турган жарандар менен КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, тосулган жол ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа каттамы өз нугунда жүрүп баштады. Ал эми, жергиликтүү элдин, убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандарды бошотуу талабы боюнча, териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы, маселе мыйзам чегинде каралары айтылды.

Белгилей кетсек 3-август күнү Лейлек районунун Катраң айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылында, жергиликтүү тургундар, Алмалуу тоосундагы “Апрельское АZI” алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдиришип, аталган ишкананын техникаларын талкалап, кызматкерлерин ур-токмокко алышкан. Мындан улам укук коргоо органдары тарабынан баш аламандыкты уюштурууга катышкан жарандар, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Количество просмотров: 175