• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Тажикстандык жаран мал уурулукка шектелип кармалды

19 Бештин айы 2022 10:00 Бишкек Govori.TV

Тажикстандык жаран мал уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка 2 айылынын 58 жаштагы Д.А. аттуу тургуну үлүш жайындагы 9 баш бодо малын белгисиз жарандар тарабынан уурдалганын билдирип, арыз менен милицияга кайрылган.

Бул факт Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«Ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Жаңы-Жер айыл аймагынын 17 жаштагы 3 тургуну аныкталып, кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар Согди облусунун Б.Гафуров районунун Хиставарс айылынын 29 жаштагы У.Н.аттуу тургуну менен биргеликте 2022-жылдын октябрь айынан бери жалпысынан 7 факт мал уурулуктарын жасап жүргөндүгү аныкталды. Азыркы күндө кармалган 29 жаштагы У.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 157