• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек ара чыры: Лейлектеги Максат айылынан 752 тургун көчүрүлдү

17 Аяк оона 201915:07 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Максат айылынан 752 тургун көчүрүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, алардын көпчүлүгүн туугандары жана коңшу калктуу конуштардын жашоочулары алып кетишти.

«130 киши Эски оочу айылынын мектептерине жайгаштырылды. Учурда Максат айылынын тургундары абалдын чыңалуусуна байланыштуу, өз үйлөрүн таштап келишүүдө», — деп билдиришти жергиликтүү аткаминерлер.

Количество просмотров: 1100