Бүгүн, 19-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында Лейлек районунун Максат айылында шахматтык түрдө жайгашкан үйлөр алмашылып, чек ара сызыгы түзөлгөнүн айтты.
«Максат айылында дайым ызы-чуу болчу эле, бул жерден 15 үй берилди. Ал эми анын ордуна 16 турак үйү бар жер алдык. Муну менен жолдун аркы бети Тажикстан, берки бети Кыргызстан болуп калды», — деди Ташиев.