• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Лейлектеги селдин кесепетинин чыгымы 69 млн. сом деп эсептелди

4 Бугу 2020 9:58 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Лейлектеги сел жүргөн аймактарга барды. Мадумаров селдин кесепетинен бузулган турак үйлөрдү, имараттарды көрдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, селдин кесепетинин чыгымы 69 млн. сом деп эсептелди. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү органдарга тапшырма бергени маалымдалды. Бирок азырынча жабыркагандарга кандай жардам болоорун айтыла элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунда Тогуз-Булак, Миң-Жыгач айылдарында, Кара-Дөбө айылынын Катар участогунда жана Исфана шааарынын сел өтүүчү сайларда сел жүргөн. Аталган аймактарда үйлөрдүн короолорун сел каптаган.

Количество просмотров: 119