• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ленин округу боюнча шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин саны 7ге жетти

5 Чын куран 2023 16:07 Бишкек Govori.TV

БШКга № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкерден дагы бир арыз түштү. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-апрелде БШКга 28-майда өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Абдылдаев Азат Шералиевичтен (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

Буга чейин алты талапкер Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу жөнүндө арыз берген.

Количество просмотров: 235