• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ленин округунан шайлоо. Дамира Ниязалиева алдыга чыкты

28 Бугу 2023 22:49 Бишкек Govori.TV

Ленин шайлоо округу боюнча добуш берүү аяктады.

Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Дамира Ниязалиева Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо алдыга чыкты.

Ал добуштардын 32,39 пайызын алды.

Эске салсак, саат 20:00гө карата добуш берүүгө келген адамдардын саны 17 миң 423, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 13,95%ды түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын жалпы саны 124 миң 908 адамды түзөт.

Аталган округдан жалпы 29 талапкер депутаттыкка ат салышты.

Белгилей кетсек, аталган аймактын мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте катталган мушташка байланыштуу мандатын тапшырууну чечкен. Ага байланыштуу Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ЖКнын депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо дайындалган.

Количество просмотров: 75