Бишкектин Ленин райондук округунда өткөн шайлоодо добуштарды кол менен саноо аяктады.
Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, 51 шайлоо тилкесинен бардык документ (протоколдор, идентификациялоо чектеринин көчүрмөлөрү жана АЭУ чектеринин көчүрмөлөрү, бюллетендер ж.б.) Ленин округундагы шайлоо тилкесине өткөрүлүп берилди.
Добуштардын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле талапкер Кубанычбек Самаковго таандык. Ага 26,14%, же 5279 адам добуш берген.