• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ленин округундагы кайра шайлоонун датасы белгилүү болду

12 Теке 2023 14:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутатына №26 Ленин округу боюнча кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Боршайкомдун бүгүнкү жыйынында уюштуруу маселеси каралды.

Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өткөн. Алдын ала маалымат боюнча Дамира Ниязалиева жеңген. Бирок, 29-майда БШК Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу маалымат түшкөндүгүн билдирген. Кийинчерээк аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Количество просмотров: 96