• Дүйшөмбү 19 Чын куран 2021

Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев кызматтан кетти

29 марта 2021 в 16:15 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ленин райондук администрациясынын башчысы Чынасыл Чыныбаев «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесине ылайык (өз каалоосу менен) кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ордуна Өскөмбаев Мелис Кубанычбекович аким болуп дайындалды.

Тиешелүү документтерге мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-мартта УКМК Бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкек мэриясынын райондук администрация башчысы Чынасыл Чыныбаев кармаганы тууралуу маалыматтар тараган.

Ал бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган.

Количество просмотров: 145