• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Лев Толстой көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды

19 Аяк оона 202412:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында капиталдык оңдоодон кийин Лев Толстой көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолду капиталдык оңдоонун алкагында ирригация системасы жана бордюрларды орнотуу, ошондой эле дренаж үчүн кошумча скважина орнотуу, көпүрөнүн астындагы түтүктөрдү тазалоо жана алмаштыруу иштери жүргүзүлүп, люктар туураланып, шагыл-мастикалык асфальтбетон төшөлдү.

Ишти «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 2024-жылга карата титулдук тизменин негизинде жүргүздү.

Количество просмотров: 165