• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

1 Тогуздун айы 202512:01 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн тартып Термечиков көчөсүнө чейинки бөлүгү толук оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, бул аймакта аялдамалар да тротуарлар менен кошо иретке келтирилет.

Аталган тилкеде, эки катмар жаңы асфальт төшөлдү, бордюрлар жана лотоктор жаңыртылып, жол сызыктары чийилди.

«Урматтуу айдоочулар, сиздерди жол эрежесин сактоого жана учурда болуп жаткан оңдоо иштерине түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 136