Буга чейин соцтармакта көчөдө кетип бара жаткан кызга эркек киши кол көтөруп, ур-соккуга алганы тартылган видео тараган.
Бишкектин Ленин РИИБ бул окуя тууралуу маалымат берип, 7-октябрь күнү кечинде Бишкектин Тимур Фрунзе — Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун, шектүү кармалганын маалымдады.
Тартип сакчылары киши менен кызды таап, милиция бөлүмүнө алып барышкан.18 жаштагы кыз арыз жазуудан баш тарткан. Ал эми 27 жаштагы кишиге протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.