2018-жылдын 13-май күнү катуу жааган нөшөрдөн улам Лейлек районунун айрым аймактарында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Анда белгилүү болгондой, жаап өткөн жаандын кесепетинен кечээ, саат 17:15 чамасында Ак-Суу айыл аймагында Шорбулак сел өтүүчү сайдан сел жүрүп Чимген айылында 2 турак үйдү суу каптап кеткен.
“Ошондой эле Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Ак-Чайыр бала интернатынын жер төлөсүнө суу каптаган. Саат 18:35те КР ӨКМнин Лейлек райондук №74-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана КР ӨКМнын №1-ӨМТККВнан 6 куткаруучу тартылып, кырсык болгон жерде кесепеттерди жоюу ишине тартылды. Аксуу айылы менен Каракамар айылын байланыштырып турган № 13- жол тейлөө ишканаасына караштуу ички чарбалык жолдун 4 чакырым аралыгын сел суусу жууп кетип, жол каттамы жабылган жана Аксуу айылынан 4 мал, 2 электр столбасы аккан. Аксуу айылында аккан электр столбасын калыбына келтирүүгө Лейлек райондук РЭСтен 1 бригада тартылды. Аксуу, Чоюнчу, Жаркыштак айылдарында электр энергиясы жок», деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кечээки жамгыр Аксы районундагы айрым айылдарда да чукул кырдаалды пайда кылганы айтылат.