Бишкек. 07.12.2017. Элвира Курманалиева
Кара-Балта шаарындагы сейил бактардын биринде каргалар эмне себептен массалык турдө өлүп жатканы боюнча дагы эле маалымат жок.
Govori.tv маалымат агенттигине, мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынан билдиргендей, азырынча куштардан алынган кан лабораторияга жөнөтүлдү.
“Качан кана лабораториянын жыйынтыгы чыккандан кийин кана, эмне себептен өлгөндөрүн биле алабыз”, –деди башкы испектор Айдар Тарыков.
Анткен менен Жайыл районунун ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын жетекчиси Насыпбек Мураталиев, журналистерге берген маалыматында, каргалар сууктан же ачкалыктан өлүп жатат деп божомолдоду.
«Каргалар биринчи суу аралаш жааган кардагы сууктан, мүмкүн ачкалыктан өлүшү мүмкүн. Өлгөн каргалардын саны деле көп эмес. Негизи мындай окуя биринчи жолу катталып жаткан жок, жылда эле болот. Былтыр да биринчи карда каргалар өлүп аларды лабораторияга алып барып текшерүүдөн өткөргөнбүз, жыйынтыгы жакшы эле чыккан. Кандайдыр бир ылаңдын белгилери болгон эмес», — дейт Насыпбек Мураталиев.
Чиновниктин айтымында, учурда Кара-Балта шаарында үй канаттуулары толук көзөмөлдө экенин, кандайдыр бир каптаган ылаңдын жок экенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, 6-декабрда Кара-Балтадагы тургундардын бакчаларында көп сандаган каргалар өлүп калган. Аны көргөн жергиликтүү тургундар тийиштүү органдарга чалып, каргалар эмне себептен өлүп калышкандыгын тактап берүүлөрүн сунуштаган. Айта кетсек, Кара-Балтада “Джунда” нефть чыгарган заводу иштетилет.