• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Өлгөндөр көбөйдү». Ысык-Көлдү жабууну коомчулук талап кылууда

17 Теке 202013:57 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактагы колдонуучулар статистикалык маалыматтарга таянуу менен Бишкектен кийинки эле коронавирустан каза болгондордун көп саны Ысык-Көлдө катталып жатканын айтып чыгышты. Алардын айтымында Ысык-Көлдү жабуу керек.

«Учурда ооруканаларда орун жок. Дарыгер жазып берген дарыларды дарыканалардан таба албайсың, жок. Бишкектен алдырганы даарыланып, алдыра албаганы эмне кылаарларын билбей жүрөт. Текшерүүдөн өтүү үчүн узун кезектер жаралды», — дешүүдө алар.

Мындан тышкары алар, муну менен катар эле дарыгер, медкызматкерлер да жетишпей жатканын айтышууда.

Белгилей кетсек бүгүн Ысык-Көл облусу боюнча пневмония менен коронавирустан 17 бейтап каза болсо, жаңы аныкталгандардын 234ү Көлдөн чыккан.

https://www.facebook.com/100004078484001/posts/2282229495256311/
Количество просмотров: 7678