• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

ЛГБТ укуктарын коргоп чыккан үч активист камакка алынды

12 Бугу 201920:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.05.2019.Govori.TV.

12-майда Кубанын ордо калаасында кумсалардын укуктарын коргогон жүзгө чукул адам уруксат берилбеген жүрүшкө чыгышкан. Полиция парадды токтотуп, үч активистти камакка алды.

Демонстранттар өкмөттүн гомофобияга каршы парадды өткөрүүгө тыюу салганына нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Параддын катышуучулары Гаванадагы негизги бульварлардын бирине баратканда аларды көп сандагы полиция жана коопсуздук күчтөрү токтотушкан.

Количество просмотров: 14