• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Ливияда жаатташкан тараптар бирдиктүү өкмөттү бекитти

11 Жалган куран 2021 12:21 Бишкек Govori.TV

Ливияда жарандык согуштун негизги катышуучулары бирдиктүү өкмөттүн курамын бекитишти. Парламентте добуш берүү Триполи менен Бенгазинин ортосундагы Сирт шаарында өттү.

Бул эки шаар жети жыл бою өлкөнү толугу менен көзөмөлгө алууну каалаган жаатташкан эки тараптын борбору болгон.

Жаңы өкмөт чатакташкан эки администрациянын ордун ээлейт. Ачык добуш берүүдө аны 132 депутат колдоп, экөө каршы чыгып, дагы 36 эл өкүлү катышкан жок. Шайланган администрация өлкөнү декабрда өтө турган шайлоо чейин башкарат.

Жаңы өкмөттү түзүү ­– согушту токтотуу боюнча БУУнун планынын бир бөлүгү. Өкмөттүн курамында 33 министр, эки вице-премьер жана премьер – Абдель Хамид Мухаммед Дбейба болот. АКШнын Триполидеги элчиси Ричард Норланд парламенттин жыйынын «тарыхый отурум» деп атады. Добуш берүү БУУда колдоо тапты.

Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш токтобой келген. БУУнун арачылыгы менен 2016-жылы түзүлгөн Улуттук биримдик өкмөтү баш калаа Триполини көзөмөлдөп турат. Бирок өлкөнүн чыгыш аймактарын башкарган генерал Халифа Хафтардын «Ливиянын улуттук армиясы» өкмөттү тааныбай, Триполиге маал-маалы менен чабуул коюп келген.

Соңку учурда эки жээкке бөлүнүп калган калк жарандык согушту токтотууну, коронавирус пандемиясы менен күрөшүүнү жана экономикалык туруктуулукту талап кыла баштаган.

Количество просмотров: 58