• Шаршемби 21 Чын куран 2021

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан жумуртка кармалды

12 марта 2021 в 10:27 Бишкек Govori.TV

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташып келе жаткан наркы 548 625 сомдук товар МБКнын кызматкерлери тарабынан кармалды.  Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош областында “Г.Б.Б.,” аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Mersedes-Benz 312” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 57750 шт. тоок жумурткасы табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 548625 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 193