Бүгүнкү күндө республика аймагында 11 миң 388 кооптуу аймак аныкталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айытылгандай, кооптуу табигый процесстерге 2025-жылы 1932 изилдөө иштери жүргүзүлдү. Аныкталган тилкелер тууралуу жергиликтүү бийлик органдарына 405 атайын эскертме берилип, 1236 корутунду чыгарылган.
Ал эми 2026-жылга карата кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү багытында сел, суу ташкын жана жер көчкү коркунучтары кайсы аймактарда жогору экенин көрсөткөн карталар түзүлдү.
Аталган шарттарды эске алуу менен, облустук башкармалыктарга кооптуу табигый процесстердин мүмкүн болгон активдешүүсүнө алдын ала даярдык көрүү, анын ичинде тобокелдиктерди баалоо, калкка эрте кабар берүү механизмдерин күчөтүү, коркунучтуу участоктордо профилактикалык жана инженердик чараларды көрүү тапшырмасы коюлду.