Сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында — 3, Чүй облусунда — 3, Талас облусунда — 1, Ош облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 1 өрт кырсыгы катталган.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан үч чыгуу болгон.