Өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталды
13 Үчтүн айы 202610:08 Бишкек Govori.TV
Акыркы суткада өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 5;
- Ош шаарында – 1;
- Нарын облусунда – 2;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Чүй облусунда – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Ош облусунда – 2.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 21 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.
Подписаться:
Количество просмотров: 76