• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өлкө аймагында 23 өрт кырсыгы катталды

16 Аяк оона 2021 11:17 Бишкек Govori.TV

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 23 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 25 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү №37 мектеп-гимназиянын аймагында 45 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Чүйдүн Новопокровка айылында Volkswagen Т4 үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Мазар айылында “Ошмедтехника” ААК кампасынын 20 чарчы метр чатыры жана 25 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.

Количество просмотров: 75