• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өлкө аймактарында бош жумуш орундар жарманкеси өттү

23 Жетинин айы 2023 9:30 Бишкек Govori.TV

22-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Каракол, Нарын жана Талас шаарларында бош жумуш орундардын жана кесиптердин жарманкелери өттү.

Иш-чарада мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар жарандарга 6 миңден ашуун бош орундарды сунушташты. Ага өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактардан 190дон ашык ишканалар катышты.

Жарманке өткөрүүнүн максаты максаты — жумуш издөөчүлөрдү ийгиликтүү ишке орноштуруу жана бүтүрүүчүлөр үчүн кесип тандоо. Мындай иш-чаралар окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн жана жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү максатында жыл сайын Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп келет.

Ош шаарындагы жарманкенин ачылыш аземинде Эмгек министрлигинин алдындагы Эмгек мыйзамдарын өзөмөлдөө кызматынын директору Чолпонкул Мадьяров катышып, мындай иш-чаралар жумуш издөөнүн жолдорунун бири болуп саналаарын, булар түрдүү тармактарда жумуш табуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк экендигин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында жарандарга ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, кесипке үйрөтүү жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилди.

Мындан тышкары, абитуриенттердин квалификациясын жогорулатуу максатында белгилүү ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүштү.

Ошондой эле, 29-ноябрда Бишкек шаарынын тургундары үчүн бош жумуш орундардын жарманкеси Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот.

Теги:
Количество просмотров: 88