• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент эксперттик топтун жумушунун жыйынтыгы менен таанышты

5 Жетинин айы 2018 18:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков Саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ибраимовдун айтымында, Жол коопсуздугун камсыздоочу башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт.
Бишкек шаарында патрулдук милицияны түзүү боюнча пилоттук долбоорду 2019-2020-жылы ишке ашыруу пландалууда, кийинки жылдары реформа бүт өлкөнү камтыйт.
Президент Сооронбай Жээнбеков эксперттик жумушчу топко иштелип чыккан стратегия менен иш-чаралар планын колдой турганын, аларды ишке ашыра баштаса болорун билдирди.
Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков патрулдук милициянын кызматкерлерине жогору айлык маяна, социалдык пакет жана карьералык өсүштү камсыздоо зарылдыгын белгиледи.
«МАИни реформалоо боюнча жумушка жарандык сектордун катышуусу республиканын жолдорундагы жарандардын коопсуздугун сапаттуураак камсыздоодо, милицияга болгон ишенимди керектүү деңгээлге жеткирүүдө оң натыйжа берет», — деп белгиледи президент.
Эске салсак, эксперттик жумушчу топ 2018-жылдын август айында президенттин тапшырмасы менен  түзүлгөн.
Количество просмотров: 15