• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Өлкө башчы Сооронбой Жээнбеков УКМКнын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

30 Баш оона 201817:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2018.Govori.TV. 

Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине атайын курулган жаңы турак үйдүн ачылыш аземине катышып, батирлеринин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Өлкө өз сөзүндө Кыргызстан үчүн улуу майрам Эгемендүүлүк күнүнүн алдында бул жакшылыкка ортоктош болуп жатканына кубанычта экенин билдирди.
Ошондой эле, куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү  социалдык жактан колдоо көрсөтүү уланаарын кошумчалады.
Алсак, үстүбүздөгү жылы жалпысынан 216 батирлүү 4 үй курулуп бүтсө, ал эми жылдын аягына чейин дагы 1245 батирлүү 21 үйдүн курулушу аяктоо алдында турат. Ал үйлөр Бишкекте, Баткен, Талас, Жалал-Абад жана башка облустарда курулуп жатат. Бүгүн 81 үй-бүлө үйлүү болуп, кубанышты.
Количество просмотров: 12