2023-жылы 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгат жана ушул жылдын сентябрь айынан баштап мектептерге борборлоштурулуп жеткириле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда бардык мектеп окуучуларын китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат. Министрликтен кошумчалангандай, өлкө боюнча жалпы 2 миллиондон ашык китеп жетишсиз.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 352 “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын “Учкун” ачык акционердик коому даярдайт.