• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өлкөдө 13 адам коронавирустан айыгып чыкты

13 Чын куран 202010:29 Бишкек Govori.TV

 
Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бүгүнкү күнгө карата ооруканадан дагы 13 адам үйүнө чыгарылды. Алардын анализдери оору жок деп көрсөттү. Ошентип ооруканадан айыгып чыккандардын саны 67ге жетти», — деди министрдин орун басары.

Количество просмотров: 262