Кыргызстанда 5-сентябрга карата коронавирус дагы 126 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учур:
Бишкек ш. – 46,
Ош ш. – 0,
Чүй облусу – 25,
Ош облусу – 0,
Талас облусу – 10,
Нарын облусу – 2,
Ысык-Көл облусу – 38,
Жалал-Абад облусу – 4,
Баткен облусу – 1.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 4 бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 127 адам илдеттен сакайып чыккан.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 875 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 72 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 473 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 523 киши айыгып чыкса, 2 миң 550 адам каза болду.