• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бир күндө коронавирустун 247 жаңы учуру катталды

7 Үчтүн айы 2022 10:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-январга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 58 адам COVID-19 диагнозунан айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Алар:

  • Бишкек шаарында 36 адам;
  • Чүй облусунда 7 адам;
  • Ош облусунда 7 адам;
  • Ысык-Көл облусунда 6 адам;
  • Жалал-Абад облусунда 1 адам;
  • Баткен облусунда 1 адам.

2020-жылдын мартынан бери Кыргызстанда жалпы 180 166 адам коронавирус менен пневмониядан айыккан.

Ал эми акыркы суткада коронавирустун жана пневмониянын жаңы учурлары:

  • Бишкек — ​​151;
  • Ош — 11;
  • Чүй облусу – 37;
  • Ош облусу – 11;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 18;
  • Баткен облусу – 1.

Жалпысынан бир суткада 247 жаңы учур катталды

Количество просмотров: 203