Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.
Орозо айтка байланыштуу 5-июнь жумуш күн болбойт.
Эмгек кодексине (11-бөлүм, 113-берене) ылайык, мусулмандардын Орозо айт, Курман айт майрамдары эс алуу күнү болот.
Бул жылы кадыр түн 1-июнга караган түнү тосулса, Орозо айт 5-июнга белгиленди. Бул маалыматты бүгүн, 29-майда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Рамазан айы 6-майда башталган.