• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Өлкөдө 68 бейтап коронавирустан айыкты

20 Чын куран 2020 10:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 68 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Коронавирустан 68 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 201ге жетти», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 568кө жетет. Алардын ичинен 201 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Количество просмотров: 181