Акыркы суткада Кыргызстандын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмү жөнөтүлгөн.
«Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 5 өрт кырсыгы катталды»,-деп айтылат маалыматта.