• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өлкөдө AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө кайра уланат

9 Баш оона 2021 10:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-августтан тарта AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө кайрадан уланат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ала-Бука аскер бөлүгүнөн ооруканага түшкөн 56 кызматкердин абалы учурда жакшы. Алардын дене табынын көтөрүлүүсү, баш оору организмдин вакцинага таасири катары бааланып, мунун пайда болушуна жаштардын корккону менен тынчсызданганы себеп болгон.

Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө убактылуу токтотулганын, кайра улантуу же таптакыр албоо чечими толук иликтенип бүткөндөн кийин белгилүү боло турганы кабарланган.

Эске салсак, 5-августта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук аскер бөлүгүндө 90 жоокер AstraZeneca вакцинасы менен эмделген. Көп өтпөй алардын 44үнүн дене табы көтөрүлгөн. Анын ичинен 4 жоокердин дене табы 39 градустан түшпөй, баштары ооруган. 6-августта эмдөө терс таасир бергендердин саны 56га жеткен.

Количество просмотров: 77