• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өлкөдө бир катар мектептер онлайн окутууга өтүп, бала бакчалар жабылды (тизме)

17 Үчтүн айы 2023 15:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-январдан тарта Кыргызстандын Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарындагы бир катар мектептер онлайн окутууга өтүп, айрым бала бакчалар жабылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык, онлайн окутууга төмөнкү мектептер өттү:

Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мектептер;
Көк-Жаңгак шаарындагы мектептер;
Таш-Көмүр шаарындагы 6 мектеп;
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1 мектеп жана 1 мектептин 2-корпусу;
Чүй облусунун Жайыл районундагы 11 мектеп.
Ошондой эле Кара-Көл шаарындагы – 2, Таш-Көмүр шаарындагы – 3, Бакай-Ата районундагы –1 жана Жайыл районундагы – 5 бала бакча жабылды.

Теги:
Количество просмотров: 70