• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Өлкөдө бир сутка ичинде 40 өрт кырсыгы катталды

8 Аяк оона 2022 10:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада 40 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 9, Ош шаарында 3, Чүй облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 2, Ош облусунда 9, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 42 бөлүм тартылган.

Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында таштанды таштоочу жайда 4000 чарчы метр куураган чөп, таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас районунун Көк-Токой айылында Манас көчөсүндөгү кампада 13 тонна көмүр түтөгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 67